www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин тапшырмасынын негизинде Министрлер кабинети өлкөнү күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) менен камсыздоо боюнча альтернативдүү жеткирүү жолдорун издөөдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, Кытай Кыргызстанга алгачкы 3 миң тонна авиакеросин жеткирүүгө макул болду. Ошондой эле кошумча 5 миң тонна дизелдик отун боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Мындан сырткары, Беларусь менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстанга 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тоннадай дизелдик отун жеткирүү пландалууда.
Амангелдиев белгилегендей, Кытайдан күйүүчү майдын биринчи партиясы 10 күндүн ичинде, ал эми Беларустан 15–20 күн аралыгында келиши күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Россия күйүүчү майды экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Ушуга байланыштуу Кыргызстан Кытай, Беларусь, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия жана башка өлкөлөр менен КММ жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Министрлер кабинети өлкөдө күйүүчү май тартыштыгын болтурбоо жана бааларды туруктуу кармоо үчүн тиешелүү чараларды көрүүдө.