www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен Орусия ушул айдын аягында Циндаонун жээгинде жыл сайын өтүүчү «Деңиз-2026» аттуу биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүнү пландап жатканын жарыялады.

Кытайдын Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, машыгуулар негизинен биргелешкен аскер-деңиз операцияларына багытталат. Анын жыйынтыгында Тынч океандын айрым бөлүктөрүндө биргелешкен деңиз күзөтү жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Бээжин бул машыгуулар аскердик өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, аймактык коопсуздукка байланышкан чакырыктарга ыкчам жооп берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана Азия-Тынч океан аймагындагы тынчтык менен туруктуулукту камсыздоого багытталганын белгиледи.

Азырынча машыгуунун так датасы, ага катышуучу аскерлердин саны жана колдонулуучу техника тууралуу маалымат жарыялана элек.

Бул машыгуулар Кытай менен Орусиянын геосаясий чыңалуу шартында стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетип жаткан учурда өтмөкчү.

Последние новости