www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва Пекин менен Вашингтон орус бийликтерине каршы бириге аларына ишенбейт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди, деп жазат ТАСС.
Песков АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусуна баа берип жатып: «Кытай башка өлкөлөр менен мамиле куруу үчүн өзүнүн суверендүү укуктарынан пайдаланып жатат», - деди. Ошол эле учурда Кремль Кытай бийлиги Москвага каршы чыгуу үчүн эч ким менен биригип кетпейт деп ишенет.
18-19-июнда Блинкен Пекинде болуп, Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ган баш болгон Кытайдын жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысынын 2018-жылдын октябрынан бери Кытайга жасаган биринчи сапары.
Булак: NazarNews.kg