www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-июнда Түркиянын Измир шаарындагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын денеси табылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн түркмөн аялдын, анын эки кызынын жана дагы бир түркмөн жигиттин денелери муздаткычка салынган.

"Ахабер" телеканалы киши колдуу болгон Гүлкамар Ханымова кыздары Лейла жана Лачин менен бир канча жылдан бери ижарага алган батирде жашап келгенин кабарлады. Стамбулдагы туугандары алар кабарсыз болуп жатканда полицияга кайрылган. Тартип коргоо кызматкерлери үйгө киргенде төрт кишинин жиликтенген денелерин муздаткычтан тапкан.

Түркия басылмалары кабарлагандай, полиция бул кылмышка барган деп шектелген түркмөн мигрантын 19-июнда кармаган. Ага Измир прокуратурасы "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козгоп, камакка алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости