www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь Москванын Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) көз карандысыздыгын таануусу боюнча маалымат таратты.

Цзюндун айтымында, Кытай Украинанын айланасындагы кырдаалдын бардык тараптарын сабырдуулукка жана эскалациядан качууга, ошондой эле диалогду жана консультацияларды улантууга чакырат. Ошол эле маалда Кытайдын Туруктуу өкүлү Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоо боюнча үн каткан жок.

Жолугушууда АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд да сөз сүйлөдү. Анын айтымында, АКШ Орусия Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын тааныганына байланыштуу санкцияларды киргизет. Эртең АКШ Орусияга каршы эл аралык мыйзамдарды ачык бузганы үчүн санкцияларды киргизет», - деди ал.

Эске салсак, 21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын таануу жөнүндө жарлыктарга, ошондой эле республикалар менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу келишимдерине кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости