www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен муниципалдык жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош шаардык мэриясынын 2020-жылда чыгарылган токтомунун негизинде Р.А. аттуу жаранга «Амир Темур» кичи районундагы 500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп, ага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылып, мэриянын токтому жана мамлекеттик акт жараксыз деп табылды.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, 4 млн 350 миң сомду түзгөн жалпы аянты 500 чарчы метр жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды, деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg