www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен АКШ өзөктүк куралды кыскартуусу керек, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Куралсыздандыруу боюнча департаментинин башчысы Фу Цонг. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

"Эки ири өзөктүк держава – Орусия менен АКШ курал-жарактарын кыскартууну уланта бериши керек", - деди дипломат. Мындан тышкары, Улуу Британиянын жана Франциянын өзөктүк арсеналдарын чектөө керек деп эсептейт.

Эске салсак, буга чейин Фу Цонг Кытай өзөктүк чөйрөдө өзүн-өзү коргоо стратегиясын карманарын, ал өзөктүк куралдын көлөмү боюнча башка мамлекеттер менен атаандашпай турганын жана аны биринчилерден болуп колдонбой турганын билдирген.

Ал өлкө улуттук коопсуздукту коргоо үчүн гана өзүнүн өзөктүк запастарын минималдуу деңгээлде кармап турганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости