www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Орусияны БУУдагы ролунан ажыратуу мүмкүн эмес деп билдирди. Бул тууралуу ал орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушууда айтканын РИА Новости билдирди.

Ван И Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү экенин жана уюмдагы маанилүү ролун уланта бериши керектигин баса белгиледи.

«Орусияны бул укуктан эч ким ажырата албайт», - деп кошумчалады ал.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле дүйнөлүк аренада терең өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Ал азыр өлкөлөр үчүн координацияны жана кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле жалпы чакырыктарга биргелешип жооп берүү жана «дүйнө тартибин адилеттүү кылуу» үчүн глобалдык коопсуздук демилгелерин илгерилетүү маанилүү экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости