www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РБК маалымат булагы Кытайдын орусиялык авиакомпаниялардын Boeing жана Airbus учактары үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жапкандыгын билдирди.

Аталган басылманын бир маалымат булагынын сөзү боюнча, майда Кытай баардык авиакомпанияларды электрондук маалымат базасын жаңыртууну суранган. Анда авиакомпаниянын, самолёттордун ээлери жана жерде кызмат көрсөтүүлөрдүн келишими болууга тийиш. Орусиялык учактардын ээлери бул маалыматтарды жаңыртышкан. Бирок Кытай тарап импорттук самолёттор чет өлкөдө каттоодон расмий түрдө алынгандыгы тууралуу тастыктаманы сураган.

Бирок орусиялык тарап бул документтерди көрсөтө алган эмес, ошондуктан Кытай эл аралык авиамыйзамга таянып, орусиялык самолётторду өз өлкөсүнүн аба мейкиндигинде учуусуна тыюу салган. Орусиялык авиакомпаниянын дагы бир булагы самолёттор тиешелүү сертификаты болбосо, учууга коё берилбей тургандыгын тастыктады.

РБКнын маектеши азыр ушундай талаптарды башка  мамлекеттер  да сурап жаткандыгын айтты. Мисалы, Түркия эки ирет катталган самолёттордун учуусуна уруксат берүүдөн баш тартууда.

Орусиянын авиация мекемесинин өкүлү бул маалыматка түшүндүрмө берген жок. Азыркы учурда транспорт министрлиги, Кытайдын жарандык авиация башкармалыгы да жагдай тууралуу маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости