www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус империясынын карамагындагы Жети-Суу аймагында болуштукка шайлоо жүрүп жатты. Чымчык эмнеге безеленип сайрады экен деген ой Шамендин жүрөгүн өйүп турду. Пишпек үйөз башчысы, анын жардамчысы Шабдан менен сылык учурашкан Шамен сөөлөттүү калыбынан жазбады, чыканагындагы куш жаздык былк эткен да жок. Керек болсо губернатор өзү бүгүлө салам айтчу Шамендин алдында үйөз башчысы ким болуп кетиптир.

Тоо кыркасынан күн күн көтөрмө болуп аркан боюу көтөрүлгөн. Шайлоого келе турган коноктор али топко келе элеги билинип турат. Бүгүн шайлоо боло турган күн. Айылдын өйдө жагында Жоон-Арык суусун бойлой төш таянган түзөңгө эл агылып жатат. Теребел даана көрүнө турган дөңгө оро кийиздер салынып, үстүнө кийиздер төшөлдү. Дөңдү курчай эл уй мүйүз тарта курчап отурушту. Эл чогулуп бүткөн соң дөңсөөнү көздөй Шамен менен үйөз башчысы баштаган топ каалгый басып жөнөштү. Бул шайлоону башкарууну отуз жашка келип, эл оозуна алынып калган, жаңы эле үйөз башчысынын жардамчысы болуп дайындалган Шабдан баштады:

-Кутман элим, кутман бир туугандарым айдан аман, жылдан эсен жүрөсүңөрбү? Кыргыз элим эмне дегенди башынан өткөрбөдү, чыгыштан оп тартып чүрчүттөр келатса, түштүктөн Кокон ханы сөөмөйүн кезеп турбады. Калмактар кырылган соң кечээки эле аларга каршы биригип урушкан казактар жер талашып кол салып турушту.Ушундай апаат заманда баш калкалоо үчүн орустарга корголобосок, биздей кичинекей эл чоң мамлекеттердин тебелендисинде калчудайбыз. Ак падыша жаңы жобо кабыл алды, ал жобо боюнча мурунку замандагыдай бири-бирибиздин жылкыларыбызга кол салып, барымтага алуу жоюлат. Бири-бирибизди өлтүрүү, кул кылуу, кун төлөө  жоюлат. Жесирдин башын ачуу, жетим акы, жайыт бөлүштүрүү сыяктуу бул аймактагы бардык иштер анын карамагына өтөт. Биз эми тиешелүү мыйзамдарга баш ийип жашоо үчүн, өзүбүз аймак-аймакка бөлүнүп, жетекчилерди «волостнойду» тандап алышыбыз керек.-деп барып токтоду.

Аңгыча «баракелде, сөз эмес бекен» -деп сүрөгөн үндөр угулду.

-Туугандар, бүгүнкү «волостнойго» талапкерлер экөө тең өзүбүздүн эле бир туугандар. Сиздер кимисине ийиксеңер, ошонусуна таш саласыздар. Бүгүн болуш болууга аттангандар калыс сөзү менен оң, солго гана эмес, өзбек, казакка чейин таанылган Шамен баатыр агабыздын уулу Байтерек жана айтылуу Ниязбек атабыздын улуу Түлкү баатыр.- деп тилмеч аркылуу үйөз башчысына кайрылды.

Шайлоо шаңы башталды. Шайлоого укук алышкан элүү башылар  келип, тиешелүү жерлерге ташын таштап жатышты.  Шайлоо аземин көргөнү келген эл толкуп турду. Таш Байтеректи көздөй ооп, Шамен уулу Байтерек болуштукту алды, ошол бойдон Шамендин жана анын балдарынын көзү өткүчө болуштук Шамендин балдарынан кеткен жок. Орусиянын курамына кошулгандан баштап 40-50 жыл Шамендин уул, неберелери: Байтерек, Балбак, Суламбы, Малабек, Бекчоро болуш тизгинин беришкен жок. Шамендин балдарынын көзү өтүп, небереси Бекчоро жаш туруп 37 жашында үзүлгөн соң, башка неберелери жаш болуп калып, 1917-жылдагы революциялардын алдында Ниязбектин токолунан Түлкүнүн балдары Тезекчи, Коомандар болуштукка келишти. Буларды учурунда Шамен туугансып өз жерине алып келген.

Табышмактуу өмүрү, өзгөчө сейрек акылы менен он тогузунчу кылымдын кылымдын ири даанышман, ойчулу катары тарыхта калган Шамендин өмүр баянына келсек, ааламдын сыры канчалык толук ачыла элек болсо, Шамендин өмүр баяны толук ачылып бүтө элек. Шамендин кайсы жерде, канчанчы жылы туулуп, качан каза богону тууралуу так маалымат жок. Ошондуктан, тврыхий булактарга таянып, өткөн кылымдарга саресеп салып Шамендин өмүр баянын тактоого туура келет. 

Шамендин туулган мезгили 1815-жылга туура келет. Болжол менен бул мезгилде калмактардан жерди бошоткон соң Эсенкул баатырдын урпактары Чүйдүн Бас-Бөлтөгүндө жашап, кийинчерээк бул жерди солтолорго калтырып Орто-Токойго көчүп кетишкен. Көзү өткөн жылы болжол менен токсон жашка чукулдап барган 1904-жыл болсо керек, анткени орус-жапон согушу башталао алдында көзү өткөн экен. Көзү өтөөр алдында Кудаяр уулу Эсенбай 50 жаштан өтүп эркек балалуу болот. Баласына ат койдуруу үчүн ырымдап Шаменге алып барган экен. Шамен ойлонбой туруп «Кулкулдабат» деген ат койгон экен. Ошондо кийинки байбичеси  Сергил апа «Баатыр, Кулкулдабат» деген кантип ат болсун, кичи таякең Эсенбай атайын ат койдурганы келсе кайдагы Кулкулдабатты айтасың» дейт. Ошондо Шамен оозума «Кулкулдабат» деп намаз кирип жаткан турбайбы, аты «Намазбек» болсун деп айткан экен.

Үчүкеден Маматкул, Дөөлөткул, Надырбек. Кыргызды жылдызга теңеген Маматкулдун балдары, ал тууралуу кыргызда: “Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо малы бар”. Себебин аныктасак Үчүке, Түлкүнү Жаңыл мырза атып салгандан кийин, иниси Кудаян кыргызга хан болуп, ушуну күтүп турган калмактар кол салып “Кыргыздар Кысарга көчүп, казактар кайың саап” калышкан экен. Анжиан тарапта Үчүкенин уулу Маматкул эл мингенди минип, эл ичкенди ичип жүрө берет. Бир күнү катуу жамгыр жаап, эл менен бирге суусундук ичип отурса, тебетейинен  тамчы шорголоп чынысына куюлуп жатат дейт. Аны көрүп, бирөө айтса керек: “Ай Маматкул тебетейиңди силкип алсаң боло” –деп. Маматкул: “Силкир мезгилде силкийбиз!” –дептир. Чындыгы Маматкул тебетейин силкиген убак келди. Ал кыргыздын башына туруп кыргыз жерин калмактардан бошотту. Маматкулдун тукумдары эл бийлеген: Болот, Темир, Эсенкул, Ниязбек,  Ормонхан, Черикчи, Төрөгелди, Шамен “Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо эли бар”. Шаменден Даалатбек Алканов, Аалы Молдоканов,Курманбек Байтереков жана башка мыктылары болгон.

Маматкулдун ордун уулу Болот ээлеген. Болот бийдин биринчи аялынан Аким, Айдарке, Таттыкөтөн, Дайырбек, Мураке деген беш бала болуп, алар «беш күрөң» деп аталып калган. Алтын бешикке багып өстүргөн Айдаркени саяктар аттын байгесине сайдык деп, сарбагыш-саяк урушу чыгып, жаш кезинде Ормон саяктын колунда калат. Ниязбекке киши жиберишсе, «Мага демектен Ормонду бышырып жегиле, мага калган балдарым деле жетет» деп койот. Болот бийдин алтын бешикке бөлөгөн баласы да сындан өтпөй калат.Санчы сынчы булар эптеп жанын баккан адамдар болот дешип бешөөнө беш күрөң деген ат коюп, тандап Таалаке энени алып берет. Учурунда Болот бий беш аялынан төрөлгөн балдарды Санчы сынчыга сынатканда сынчы балдарын көрүп:

- Болот, макул көрсөң сага тандап аял алып берейин. Ошондо сенин эле атыңды эмес, кыргыздын атын чыгарган, бардык жагынан төп келген баатыр уул туулат. - деп айтат.

Болот бий Санчынын сөзүнө муюп, Таалаке деген отуз жети жаштагы жесир аялды алат. Экинчи аялы Таалаке энеден Кожомшүкүр, Эсенкул. Кыргызга  баш болуп берген  Эсенкул баатыр «Баш койкоң», Ниязбек бий «Ат качырбас боз айгыр», Ормон хан, сөз чебери Шамендер туулат.  Кожомшүкүрдүн тукуму «салыбек» Лахолдо жашашат. Болот бийдин үчүнчү аялынан Көчмурат, анын тукуму «көчмурат» деген ат менен белгилүү.

Эсенкул алп денелүү адам болгон, согушта көп баатырдык көргөзгөн. Эл ичинде «чоңдугу Эсенкулдай» деген ылакап сөз тараган, «казык моюн Эсенкул» деп да аташкан. Эсенкул жоодон кайтып келсе казан-аягын иреттеген кулдарынын бары Жунгарияны көздөй безеленип кетиптир. Эсенкул атынан түшпөй эле, кулдарынын артынан жөнөйт. Эптеп кулдарын табат, караса кээ бир кулдары томурайып, томурайып эле ээн талаага жатып алышыптыр. Бир топ ак ниет, эмгекчил, мыкты кулдары алачык жасашып ичине кирип жатып алышкан экен. Эсенкул баатыр жинин ээн талаада жаткан кулдарынан чыгарып, «Өз жанын бакпаган, мени бакмак беле» -деп бүт мууздатып салат да, алачык салып жатышкан ак ниет, эмгекти сүйгөн, каарман кулдарын алып келип, күң алып берип, тукумун улап калган экен. Азыркы «жети кулдар» ошол каарман, эмгекчил, берешен, ак ниет Эсенкулдун кулдарынын тукумдары болсо керек. Болуштук убагында сарбагыштын майда уруктарын «Борукчу» дешкен. Ошол «Борукчу» болуштугуна Куттуксейиттен Шамендин тукуму ак падыша заманында болуш болуп турушкан. Шамендин урпактары Байтерек, Балбак, Суламбы, Малабек, Бекчоро...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Последние новости