www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Тайвандан алып келинген жарым өткөргүчтөргө бажы төлөмдөрүн киргизүү планынан улам Тайвандын жетекчилигинин Вашингтондун алдында жагынуусу аралдын өнөр жайын өнүктүрүүгө зыян гана алып келет, – деди КЭР Мамлекеттик кеңешинин Тайвань иштери боюнча кеңсесинин расмий өкүлү Чжу Фэнлянь.
АКШнын президенти Дональд Трамп январдын аягында чет өлкөлөрдөн, айрыкча Тайвандан алынып келинген компьютердик чиптерге, жарым өткөргүчтөргө жана фармацевтикалык продукцияларга бажы төлөмдөрүн киргизүү планын жарыялаган. Анын айтымында, бул чаралар технологиялык компанияларды чиптерди Тайванда эмес, АКШда өндүрүүгө түрткү берет.
Буга жооп катары Тайвандын Демократиялык-прогрессивдүү партиясынын жетекчилиги Тайвань менен АКШнын өнөр жай кызматташтыгын чыңдоо үчүн жооп чараларын сунуштай турганын билдирди.
Чжу Фэнляндын айтымында, "фактылар кайра-кайра далилдегендей, Демократиялык-прогрессивдүү партиянын жетекчилиги АКШга канчалык көбүрөөк таянса, Тайванга ошончолук көп зыян келет."
Бул Тайвандын кызыкчылыктарын сатып, АКШнын алдында жагынуу гана болуп саналат. Алар аралдын өнөр жай өнүгүүсүнө зыянын тийгизип, Тайвандын тургундарынын кызыкчылыктары менен бакубаттыгын курмандыкка чалат," – деди ал.
Буга чейин Тайвандын экономика министри Го Чжихуэй Тайбэй АКШнын мыкты соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, тайвандык жарым өткөргүчтөргө бажы төлөмдөрүн киргизүү маселеси, балким, байланыштын жетишсиз эффективдүүлүгүнөн улам келип чыкканын айткан.
Тайванды курчап турган кырдаал 2022-жылдын август айынын башында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелосинин аралга жасаган сапарынан кийин олуттуу курчуду. Кытай Тайванды өзүнүн провинциясы деп эсептеп, Пелосинин сапарын Тайвань сепаратизмин АКШнын колдоосу катары кабыл алып, кескин айыптаган.
Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдагы провинциясынын расмий мамилелери 1949-жылы Кытай жарандык согушунда Коммунисттик партия жеңишке жеткенден кийин үзгүлтүккө учураган. Ошол учурда Гоминьдан партиясынын күчтөрү Чан Кайши башчылыгында Тайванга көчүп кеткен.
1980-жылдардын аягында арал менен материктик Кытай ортосунда ишкердик жана бейрасмий байланыштар жандана баштаган. 1990-жылдардын башынан тартып, эки тарап Бээжиндеги Тайвань кысыгы аркылуу мамилелерди өнүктүрүү ассоциациясы жана Тайбэйдеги Кысык аркылуу алмашуу фонду сыяктуу өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу байланыш түзө башташкан.