www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай армиясы эми Тайвань кысыгынын орто сызыгынын чыгыш тарабында үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик ММКлар билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
Тайвань аралы менен материктик Кытайдын ортосундагы кысыктагы медианалык сызык расмий эмес башкаруу линиясы болуп саналат, аны эки тараптын тең аскердик учактары жана кемелери адатта кесип өтпөйт. Маалыматка караганда, медианалык сызык эч качан мыйзамдуу түрдө таанылган эмес жана өткөн кылымда АКШнын аскерлери өз максаттары үчүн тарткан "фантомдук" сызык.
2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Бээжиндин эскертүүсүнө карабай Тайванга келген. Мына ушунун фонунда Кытайдын Элдик-боштондукка чыгаруучу армиясы аралга жакын жердеги алты райондо ири масштабдагы аскер-деңиз машыгууларын баштаган.
Тайвань 1949-жылы жарандык согуш маалында Кытайдан бөлүнгөнүн жарыялаган. Пекин аралдын көз карандысыздыгын тааныбайт жана аны өзүнүн провинциясы деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg