www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШнын Тайвань провинциясына курал сатууну бекитүү чечимине жооп кайтаруу ниетин билдирди. Бул тууралуу 18-декабарда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякун билдирди.

"АКШ Тайванга алдыңкы курал сатуу боюнча масштабдуу планын ачык жарыялады, бул Кытайдын эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө олуттуу доо кетирет", - деп РИА Новости анын сөздөрүн келтирди.

Кытай ТИМинин өкүлүнүн айтымында, бул кадам бирдиктүү Кытай принцибин жана үч биргелешкен коммюникенин жоболорун олуттуу түрдө бузат. Го Цзякун Кытай жооп кайтаруу чараларын көрөрүн билдирди.

Последние новости