www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кытайдын эгемендигин бузууну жана Түштүк Кытай деңизиндеги чагымчыл аракеттерин тез арада токтотушу керек, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин бүгүн, 23-мартта Пекинде ведомстволук маалымат жыйынында. Мындай маалыматты NazarNews агенттигине CCTV plus агенттиги билдирди.

Кытай дипломаты мындай чакырыкты америкалык аскер кемесинин Түштүк Кытай деңизиндеги (ТКК) Кытайдын аймактык сууларына мыйзамсыз киришине комментарий берип жатып жасады.

"23-мартта америкалык "USS Milius" ракеталык эсминец Кытай өкмөтүнүн уруксатысыз Кытайдын Сиша архипелагынын аймактык сууларына мыйзамсыз кирип, муну менен Кытайдын эгемендигин бузуп, Кытайдын коопсуздугуна коркунуч келтирип, тиешелүү суулардагы тынчтык менен туруктуулукка шек келтирди.

Кытайдын Элдик боштондук Армиянын Түштүк согуштук зонасы (PLA) мыйзамга ылайык кемени аңдып, көзөмөлдөп, эскертип, акваториядан чыгып кетүүгө мажбурлады. АКШ мындай провокацияларды жана Кытайдын эгемендигин бузууну токтоосуз токтотушу керек. Кытай тарап албетте Улуттук эгемендүүлүктү жана коопсуздукту чечкиндүү түрдө коргоо, ошондой эле Түштүк Кытай деңизинде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз", - деди Ван Вэнбин.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости