www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөткө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрүп, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ИДПсы 919,4 миллиард сомду түзгөнүн буга дейре болбогон жетишкендик катары сүйүнчүлөдү. 

Өз сөзүндө Жапаров экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында КРдин ички дүң продукциясын Дүйнөлүк банк 5, Эл аралык валюта фонду 0,9 пайызга төмөндөйт деп болжолдогонун, бирок иш жүзүндө, тескерисинче, өсүш болгонун жар салды. 

Бул тууралуу: "Улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчеттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ИДПсы 919,4 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107 пайызга жетти. Муну менен биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык", — деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости