www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Си Цзиньпиндин Борбор Азияга сапары маанилүү тарыхый учурга туш келди жана өзгөчө мааниге ээ, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги маалымдады.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 16-сентябрга караган түнү ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышып, Казакстан менен Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарларын аяктаган соң Бээжинге кайтып келди.
Буга чейин Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И мамлекет башчысынын сапарынын жыйынтыгын чыгарган. Кытай лидери Борбор Азиянын эки өлкөсүндө болгон 48 сааттык маалында 30дан ашык эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларга катышып, анын жүрүшүндө олуттуу жыйынтыктарга жетишкен.
"Бул сапар ШКУнун өнүгүүсүн жаңы баскычка көтөрдү, ошондой эле Кытай менен чектеш өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрдү", - деди Мао Нин.
Дипломат Самарканддагы саммитте төрага Си Цзиньпин маанилүү сөз сүйлөп, ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн биримдигин чыңдоо жана уюмдун мындан аркы өнүгүшүнө көмөктөшүү боюнча маанилүү демилгелерди ортого салганын айтып, өз ара колдоону күчөтүү, коопсуздук жаатында кызматташууну кеңейтүү зарылчылыгын баса белгиледи.
Дипломаттын айтымында, төрага Си Цзиньпиндин Казакстанга жана Өзбекстанга болгон иш сапары чоң натыйжаларды берди.
"Тараптар кытай-казак жана кытай-өзбек кызматташтыгынын багыттары жана артыкчылыктары боюнча кеңири консенсуска жетишти, кытай-казак жакшы коңшулукта жаңы баракты ачышты.
Бул сапар аркылуу биз Кытайдын эл аралык коомчулуктун күчтүү колдоосун сездик. Кытай диалогду жана кызматташтыкты мындан ары да илгерилетет жана Евразияда, ошондой эле бүткүл дүйнөдө узак мөөнөттүү туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууга көбүрөөк салым кошот", - деди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.
Булак: NazarNews.kg