www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва өкмөтү жакын арада “Сахарово” миграциялык борборунда чет өлкөлүк жарандарды Орусия армиясына кабыл алуу үчүн толук кандуу инфраструктура түзөт. Бул тууралуу Москва мэри Сергей Собянин билдирди.

Анын айтымында, орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте алуу жөнүндө кабыл алынган мыйзамга ылайык, Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн бир жылдык келишим түзгөн чет өлкөлүктөр жарандыкты кыска мөөнөттө жана бюрократиялык тоскоолдуктарсыз алат.

Москва мэриясы Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүү процедураларын тездетүү жана жеңилдетүү үчүн “Сахарово” мигарциялык борборунда чет өлкөлүктөр үчүн толук кандуу шарт түзөт.

“Шаардык кызматтар жарандарга максималдуу түрдө бардык ыңгайлуу шарттарды жасайт”, - деди Собянин.

Мурда журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фонду Борбор Азиядан, анын ичинде кыргыз жарандарын согушка тартууга аракеттенген учурларды иликтеп чыккан.

Программада айтылгандай, Инстаграмдагы кыргыз сегментинде жеке күзөт ишканасына жумушчулар керек деген таризде жарыялар пайда болгон. Анда иш издегендерге жакшы айлык акы убадаланып, алар Орусиянын аймактарында иштей турганы белгиленген. Кабарчылар жумуш издеген киши катары байланышкан учурда алар бул орундарга кабыл алуу токтоп калганын айтып, аскердик кызматтарды сунушташкан.

Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. “Вагнер” же, “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар “жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар дагы, жалданмачылар дагы аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости