www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндо Бээжин Украинадагы окуяларга тынчсызданып жатканын билдирди. «Кытай тарап Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсызданууда», - деп билдирди Ван И.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө сүйлөшүү шейшемби күнү америкалык тараптын демилгеси менен болгону, тараптар Украинадан тышкары Корей жарым аралынын өзөктүк маселесин да талкуулаганы белгиленген.

Эске салсак, Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдирген. Ал республикалардын башчылары Орусиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген.

ДЭР башчысы Денис Пушилин - жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча Украина президенти Владимир Зеленский буйрук берээрин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.

Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости