www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Луганскта дагы бир теракт болгону айтылды

Ок атышпоо режимин көзөмөлдөө жана координациялоо боюнча биргелешкен борбордогу ЛЭР өкүлчүлүгүнүн Telegram билдирүүсүнө ылайык, жарылуу Лугансктагы троллейбус депосунда болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Луганскта дагы бир теракт болду! Саат 04.15те троллейбус депосунун аймагында жарылуу болду», — деп жазат басылма.

Жардыруу болгон жерде ыкчам кызматтар жана тартип коргоо органдары иштеп жатканы кошумчаланат.

Эске салсак, Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоого дуушар болгонун билдирген. Ал республикалардын башчылары Орусиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген.

ДЭР башчысы Денис Пушилин - жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча Украина президенти Владимир Зеленский буйрук берээрин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.

Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости