www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жооп иретинде АКШга каршы санкция киргизет

Кытай кээ бир америкалык аткаминерлерге жооп иретинде виза чектөөлөрүн киргизүүнү чечти. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбин билдирди. «Кытай жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн Кытай адам укуктары боюнча жалган маалымат тараткан жана Кытайдын кызыкчылыгына зыян келтирген америкалык аткаминерлерге административдик чектөөлөрдү киргизүүнү чечти», - деди дипломат.

Эске салсак, буга чейин Кытай кытайлык телеоператорлордун лицензиясын жокко чыгаруу боюнча АКШга жооп кайтарууну убада кылган. Кытай бийликтери Pacific Networks жана ComNet операторлорунун лицензияларын жокко чыгаруу үчүн жооп чараларын даярдайт. Улуттук коопсуздук үчүн АКШ бул компаниялардын өз аймагында иш жүргүзүү лицензияларын жокко чыгарды.

Кытай министрлиги билдирүүсүндө Вашингтонду чечиминен баш тартууга жана экономикалык маселелерди саясатташтырууну токтотууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости