www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь окуялары учурунда Алматы аэропорту менен полиция имаратына чабуул жасаган деп шектелген адамды полиция кармады. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин Транспорт полиция департаментинин башчысы Онал Бекиев билдирди. Бекиевдин маалыматына караганда, шектүү 24 жаштагы алматылык жаран.

Тергөөнүн версиясы боюнча 5-январда шектүү башаламандыктын башка катышуучулары менен бирге курал-жарак дүкөнүнөн курал уурдап, Алматы аэропортуна чабуул жасаган. Андан соң шериктери менен бирге Алматы шаардык полиция департаментине барып, митингчилер менен бирге имаратты таңкы 6га чейин курчап турган.

“Андан соң ал уурдалган куралды белгисиз кишиге 40 миң теңгеге саткан, – деди Бекиев. Шектүү камакка алынды.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынган. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости