www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Украинанын түндүгүндөгү Чернигов шаарына артиллериялык жана ракета менен соккуларын улантты. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы 31-мартта Твиттер аркылуу билдирди. Британ тараптын маалыматына ылайык, алдыңкы күндөрү Киевдин айлана-тегерегиндеги конуштарда катуу кармаш болушу мүмкүн.

«Орусиялыктардын Черниговдун айланасында аскердик аракеттерин азайтууга ниет кылганы тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан орус күчтөрүнүн артиллериялык жана ракета соккулары уланды. Чектелүү сандагы айрым аскердик бөлүктөр чыгып кеткени менен орус күчтөрү Киевдин чыгышындагы жана батышындагы позицияларын ээлеп турат», - деп айтылат британ тараптын билдирүүсүндө.

Британ чалгын кызматы кошумчалагандай, 31-мартка караган түнү Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрүнүн курчоосунда турган Мариуполдо катуу салгылаш уланды. Калаанын борбордук бөлүгүн украин күчтөрү көзөмөлдөп турат.

Орусиянын армиясы Украинанын түндүк аймактарындагы аскердик операциясын басаңдата турганын 29-мартта Стамбулда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунан кийин жарыялаган. Делегация өкүлдөрү бул сүйлөшүүдө жылыш байкалганын ишарат кылган. 30-мартта Кремл Украинанын өз сунуштарын бергенин оң фактор катары баалаганы менен Стамбулдагы сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости