www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Казак Республикасынын Сенаттын төрайымы эле аны кубалап түштү. Нурсултан Назарбаевдин небереси баңгиликтин кулу болуп, өзүн токтото албай жарыкчылык менен кош айтышкан. Назарбаев Айсултан Лондондо 2020-жылы 16-августта көз жумган. Анын атасы Рахат Алиев кайынатасы Нурсултан Назарбаевден куугунтук жеп Европа жок кылынган. Анын энеси Дарига Назарбаева уулунун өлүмү боюнча комментарий берген, Айсултандын агасы Нурали Алиев сейрек кездешкен үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшүп, жүрөк козгоорлук видеотасманы жарыялаган. Назарбаев Айсултан 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону айтылган. Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Казакстандын мурдагы президентинин кызы Дарига Назарбаева эки жыл мурун британ сотунда сактап калган кымбат баалуу кыймылсыз мүлкүн сатыкка койду. Лондондун кадыр-барктуу районундагы төрт конок, жети уктоочу жана алты жууна турган бөлмөсү бар хансарай жеке риелтордук компаниянын базасында пайда болду. Сатык жөнүндө жарыя интерьердин фотогалереясы, деталдуу планировка жана 3D-видеоэкскурсия менен коштолгон. Эмереги алтын жалатылган, тепкичтери кымбат жыгачтан, түштөнө турган зонасы айнек менен чатырланган, бассейини менен бильярды бар хансарай – 765 чарчы метр. Төрт деңгээлдеги үй 9 миллион фунтка (11 миллион 800 миң долларга) сатылууда. Дарига Назарбаева менен байланышы бар компания бул үйдү 2008-жылы мындан 300 миң фунтка жогору баада сатып алган.

Кыймылсыз мүлктүн түпкү ээси мурдагы президенттин кызы экени 2020-жылы белгилүү болгон. Улуу Британиянын Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги (NCА) дал ушул хансарай менен кошо дагы эки объектини камакка алган. Анда ал хансарайлар Нурсултан Назарбавдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин “кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарына” сатылып алынганы маалымдалган. Кийин Лондондун Жогорку соту Назарбаевдердин мүлктөрү ыплас акчаларды адалдоо үчүн колдонулган деген тергөөнүн аргументтерин “ишеничтүү эмес” деп тапкан жана ишти токтоткон.

Денвуд-роуддогу хансарай качан сатыкка коюлганы жана себеби – белгисиз. Назарбаева мурдагыдай эле ага ээлик кылар-кылбасы да беймаалым. Назарбаева кандуу январь окуяларынан кийин элге көрүнө элек. Тополоңдон кийин 57 жаштагы Дарига Назарбаева бийликтеги “Нур Отан” партиясынын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган. Февралдын аягында ал парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты мандатынан баш тартканын жарыялаган. Бул арада февралда британ парламентинде жемкор “казак клептократтарына” каршы санкция салуу маселеси көтөрүлгөн. Парламент мүчөсү Маргарет Хожд 28 киши, анын ичинде Дарига Назарбаева элден уурдаган каражаттын эсебинен байыганын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости