www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясындагы жер титирөөдөн кеминде 111 адам набыт болуп, 220 адам жараат алды. Зилзала 19-декабрга караган түнү болгон. Жер титирөөдөн Ганьсудагы жана коңшулаш Цинхай провинциясындагы турак жайлар жана инфраструктура кыйраганы кабарланды.
АКШнын Геология кызматынын маалыматында, силкинүү күчү 5,9 баллды түзүп, очогунун тереңдиги 10 чакырымга кеткен. Синьхуа мамлекеттик телеканал Ганьсуда 100 адам өлүп, 96 киши жараат алганын, Цинхайда 11 адам мерт кетип, 124 киши жаракат алганын кабарлады. Маалыматтарга ылайык, зилзала болгон аймакка өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар жиберилди.
Кытай өкмөтү жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам фондуна 200 млн юань (28 млн доллар) бөлгөнүн Рейтер агенттиги жазды. Кытайдын лидери Си Цзинпин "куткаруу иштерин жүргүзүү жана жер титирөөнүн курмандыктарын азайтуу үчүн болгон күчтү жумшоо зарыл экенин" билдирди. Былтыр сентябрда Сычуань провинциясындагы 6,6 балддык жер титирөөдөн 60тан ашуун адам каза тапкан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg