www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бектур Асанов ооруканада дарыланууга муктаж

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Бектур Асанов ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылды.Бул тууралуу Кемпир-Абадды коргоо комитети билдирди. Комитет “Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарылардын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” кабарлады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости