www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун бүгүн, 19- декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети карады.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекованын маалыматы боюнча, 5 фракция тиешелүү чечим кабыл алган. Алар: «Ата Журт — Кыргызстан», «Альянс» жана «Элдик», «Ишеним», «Мекенчил» депутаттык тобу.

Депутат Марлен Маматалиев «Ынтымак» фракциясынын да чечими бар экенин кошумчалады. Талкуунун жыйынтыгы менен комитет мыйзам долбоорун II жана III окууда колдоого алды.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү сунушун биринчи окууда колдогон. Желекти өзгөртүү сунушун 66 депутат колдосо, 8 депутат каршы чыккан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана Улан Примов. Алар желектеги толкун сымал күн нурун түз кылууну сунуштап жатышат.

Ошондой эле түндүктүн чамгарагынын саны өзгөртүлүүдө. Тактап айтканда учурдагы желекте 3 чамгарак болсо (жалпы 6), жаңы желекте 4 чамгарак (жалпы 8) тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости