www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда холера оорусунун биринчи учуру аныкталды

Кытайлык эпидемиологдор Ухань университетинде холера менен ооруган бир адам тууралуу маалыматты тастыкташты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Вучанг муниципалдык райондук саламаттыкты сактоо комитети билдирди.

Документте маалымдалгандай, серологиялык анализ инфекциянын бул түрүн жуктуруп алганын тастыктап, оорулуунун негизги белгилери диарея жана ысытма деп аталды. Учурда бейтап дарыланып жатканы такталды.

Ошондой эле, бүгүнкү күнгө чейин оорунун очогу табыла электиги, борбордун адистери университеттин имаратын дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшкөнү айтылат.

Ухань шаарында холера оорусунун болжолдонгон учуру тууралуу Кытайдын Tianmu Xinwen маалымат порталы жекшемби күнү, 10-июлда билдирди. Анын айтымында, холера оорусу Ухань университетинин инженердик факультетинин жатаканасында аныкталып, имаратта жашаган бардык студенттер текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Холера — Vibrio cholerae бактериясы пайда кылган жугуштуу оору.

Бул оору диареядан улам келип чыгышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости