www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындагы атышуу: Үч адам кармалды

Нарын облусунда ок атышуу менен коштолгон жаңжалга катышкан деп шектелген үч жаран кармалды. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, алардын баш коргоо чарасы каралып, экөө камерада калтырылып, бири үй камагына чыгарылды. Кармалгандардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени аныкталды.

Эске сала кетсек, 7-июлда Нарын облусунун Хутор-Ак-Талаа айылында жер талашы ок атуу менен аяктаган. Жергиликтүү тургунга 30-40тай адам келип, үйүнүн терезелерин, эшиктерин сындырып, короодогу унаасын өрттөп салышкан. Буга жооп ирээтинде үй ээси элге ок чыгарган. Натыйжада алты адам ар кандай жаракаттарды алышып, облустук ооруканага жеткирилген. Алардын үчөөнүн абалы оор деп бааланып, операция жасалган. Калган жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжалга жер маселеси себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости