www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда коронавирус кайрадан күч алды

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 10-июлда коронавирус жугузуп алгандардын саны бир күндө 57 113 кишиге жетти.

25 бейтап вирустан көз жумду. Бул өлкөдө чектөөлөр алынган март айынан берки эң чоң көрсөткүч экени кабарланды.

Ал эми саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Twitter баракчасы аркылуу "коронавирустун омикрон штаммын жугузуп алгандардын саны өсүп жатканын, 50 жаштан жогору жарандарга дагы бир жолу вакцинация маанилүү экенин" билдирди.

Учурда Түркияда Sinovac, Pfizer/BioNTech жана жергиликтүү Turkovac вакциналары сайылууда. Вакцинаны жергиликтүү тургундар жана өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. Бүгүн, 11-июлга карата 83 миллион калкы бар Түркияда элдин 85% вакцинанын эки дозасын алган.

Былтыр 1-марттан баштап өлкөдө коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынган. Түркияда коронавирус жугузуп алган алгачкы учур 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, ошондон бери өлкөдө вирустан өлгөндөр 99 057 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар 15 миллиондон ашты. 

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү бир нече өлкөдө коронавирустун жаңы толкуну башталды. Бул "омикрон" штаммынын кезектеги мутациясы менен байланыштуу.

Эске салсак, коронавирус жуктургандар Кыргызстанда да көбөйүп жатканы айтылып, ооруканага түшкөндөр бар экени белгиленген.

Буга байланыштуу Республикалык штаб коронавирус жуктурган жаңы учурлар боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштай турганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости