www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда сел жүрүп, бир нече адам каза болду

AP агенттиги Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянып, жекшемби күнү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы туристтик аймакта нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, 15 киши каза болгонун жазды.

CCTV мамлекеттик телеканалы Хунань провинциясындагы Хэньян шаарынын карамагындагы Юэлин айылында селден улам 21 адам урап түшкөн үйдүн алдында калганын жазды. Жаракат алган алты адам куткарылып, ооруканага жеткирилгенин Синьхуа маалымат агенттиги билдирди. Жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат айтыла элек.

Жекшемби күнү Түндүк Корея менен чек арадагы Ялу дарыясынын деңгээли көтөрүлгөндүктөн, үчүнчү кабаттан төмөн жашаган тургундарды жогорку кабаттарга көчүүнү чакырган билдирүү жарыялаган.

Синьхуа агенттиги Ляонин провинциясында жүздөгөн химиялык жана тоо-кен компаниялары ишембиден баштап ишин токтотуп, 30 миңден ашуун адам эвакуацияланганын жазды.

Акыркы күндөрү тынымсыз жааган жамгырдан улам Кытайдын бул аймактарында 40ка жакын поезд убактылуу ишин токтоткон.

Последние новости