www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль басып алган аймакка Ливан менен "Хезболла" ракеталык сокку урганы айтылууда, бирок алар айыптоону четке какты.

Израиль согушту болтурбоо үчүн Ливанды шииттик "Хезболла" кыймылынын күчтөрүн артка кайтарууга чакырды. Бул тууралуу Израиль ТИМинин расмий өкүлү Орен Марморштейн Х соцбаракчасында билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, согуш чыгып кетсе ал Ливан үчүн кыйратуучу болот.

"Тынчтыкты сактоонун бирден-бир жолу — согушту болтурбоо. Ливан ал үчүн "Хезболла" кыймылын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1 701 резолюциясын аткарууга мажбурлашы керек. Маселени дипломатиялык жол менен чечиш үчүн аз эле убакыт калды", — деп жазды ал.

Коопсуздук кеңештин 1 701 резолюциясы Литани дарыясынын түштүгүндөгү аймакта БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү жана Ливандын аскердик бөлүктөрүнөн башка жоокерлердин болушуна жол бербейт.

Мурдагы күнү кечинде Израиль Голан бийиктигиндеги Мадждаль-Шамс шаарына ракеталык соккудан 12 адам каза болуп, 19у жаракат алганын билдирген. Алар жоопкерчиликти Ливанга жана "Хезболла" кыймылына жүктөөдө. Бирок беркилер ракеталык сокку жасабаганын айтышууда.

Ал арада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш сокку урууну сынга алып, тараптарды абалдын чыңалышына жеткирбөөгө чакырды.

Голан бийиктиги деп аталган стратегиялык аймак Сирияга таандык болчу. 1967-жылдагы жана 1973-жылдагы араб-израиль согуштарынан кийин Израиль анын үчтөн эки бөлүгүнө ээлик кылып калган. Еврей өлкөсү бир тараптуу аталган аймактын суверендүүлүгүн жарыялаган, бирок аны БУУнун Коопсуздук кеңеши тааныган эмес. 2019-жылы ошол кездеги АКШнын прзеиденти Дональд Трамп басып алынган Голан бийиктигин Израилдин аймагы катары тааныган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости