www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан чыккан оору акыркы жумада 77 адамга жукту

Өлкөдө соңку жумада COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталган. Анын ичинен 19 миң 405 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалыкэпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости