www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Диний-экстремисттик жана террористтик аракеттерге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

  

 

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун 7 кызматкери кармалган.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында аталган адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, электрондук каражаттар (уюлдук телефондор жана ноутбуктар), ошондой эле диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган ар кандай адабияттар жана брошюралар табылып алынган.

«Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган материалдарда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун идеологиясынын жана ишмердүүлүгүнүн белгилери бар экени тастыкталды. Андан сырткары, тергөө учурунда кылмыш ишинин айрым айыпталуучулары күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, диний-экстремисттик аракеттерге катышкандыгы үчүн өкүнүшкөнүн билдиришти», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюм (ДЭУ) айрым мүчөлөрүнө байланыштуу материалдар сот органдарына кароого жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости