www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө 2 миллиондон ашык тонна күйүүчү майдын запасы бар. Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасы Базарбай Мусабеков бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын маалымдашынча, фондго жалпысынан 6 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май алынган, анын 2 миллиону быйыл айыл чарба тармагы үчүн 61 сомдон дыйкандарга сатылды. Калганы күч түзүмдөрүнө берилди. Дагы 2 миллиондой тонна майдын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги баасын бычып бергенден кийин сатыла баштайт.
Өкмөттүн расмий эсебине ылайык, Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсү жылына 1 млн. 200 миң тоннаны түзөт. Мунайдын 90% Орусиянын "БашНефть", "Ангарск нефтехимиялык заводу", Омск жана Орск аймактарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан импорттолот.
Булак: NazarNews.kg