www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда кайрадан митинг башталды

Иранда туура эмес хиджаб кийгени үчүн Гашт-е Эршад патруль (адеп-ахлак полициясынын расмий аты) тарабынан камакка алынгандан кийин каза болгон 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнө каршы нааразылык акциялары 15 күндөн бери уланууда.

Акыркы эки күндө Ислам Республикасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүктөн салыштырмалуу тынч өттү, бирок андан кийин өлкөнүн көптөгөн университеттерин каптаган нааразылык акциялары шаарлардын көчөлөрүндө жаңы толкундоолорго алып келди.

Нааразылык акциялары 1-октябрдын кечине чейин Ирандын борбору Тегеранда, ошондой эле Сенандез, Шехре Корд, Шахиншахр, Эрак, Букан, Бабол, Каридж, Мешхед жана Кирманшах сыяктуу шаарларда уланды.

Социалдык тармактардагы видеолордо митингчилер таштанды челектерин өрттөп, жол тосмолорун куруп, көчөлөрдө өрт коюп жатышканын көрүүгө болот.

Бир катар шаарларда митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Буга чейин социалдык тармактарда митингдерди кайра баштоого чакырган билдирүүлөр жарыяланып, жарандарга тиешелүү мазмундагы баракчалар таратылып келген.

Көптөгөн университеттерде камалган студенттерге колдоо көрсөтүү жана аларды бошотуу талабы боюнча акциялар өттү.

Сот бийлигинин буйругу менен коопсуздук күчтөрү демонстранттарды «коомдук коопсуздукка коркунуч келтиргени үчүн» камакка ала башташты. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, 2 миңдей адам камакка алынган, алардын арасында студенттер, атактуулар жана журналисттер да бар.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында туура эмес хиджаб кийгени үчүн Иранда адеп полициясы тарабынан камакка алынган 22 жаштагы студент Махса Амини каза болгон. Ал каза болгондон кийин өлкөдө нааразылык акциялары башталган.

Өлкө боюнча аялдар нааразылык иретинде хиджабдарын өрттөп, чачын кыркып жатышат. Бул нааразылык дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да жаңырып, демонстранттар көчөлөрдү тосуп, коопсуздук күчтөрүнө таш ыргытып, полициянын унааларын жана таштанды челектерин өрттөп, өкмөткө каршы ураандарды кыйкырып жатышты.

Амини өткөн аптада Ирандын адеп-ахлак полициясы тарабынан аялдардын чачын хиджаб же жоолук менен жаап, колу-бутун кенен кийим менен жаап жүрүүсүн талап кылган мыйзамды бузду деп айыпталып, борбордо камакка алынган.

Колго түшкөндөн үч күндөн кийин Амини каза болгон. Расмийлер өлүмдүн себебин «жүрөк оорусу» деп айтышкан. Бирок маркумдун жакындары кыздын жүрөгү эч качан оорубаганын айтышууда. Алар жабырлануучу ур-токмокко алуудан улам каза болгон деп эсептешет.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын милдетин аткаруучу Нада Аль-Нашиф Амини полиция тарабынан токмоктолду деген маалыматка шилтеме жасады.

Өткөн аптада кармалгандан кийин каза болгон ирандык Махса Аминин өлүмү үчүн АКШ Ирандын адеп-ахлак полициясына каршы санкцияларды киргизди. Кийинчерээк Канада дагы бир нече ондогон ирандык чиновниктерге, бизнес өкүлдөрүнө, ошондой эле Ирандын моралдык полициясына каршы санкцияларды киргизүүнү чечти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости