www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанга жеңил автоунаалардын импорту 38 миң 639 даанага жетип, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38,3 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, сатып алуулардын жалпы көлөмү 26 миллиард 620 миллион 188,6 миң сомду (дээрлик 304,4 миллион доллар) түздү.

Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү Кытай болуп, импорт көлөмүнүн өсүшүнүн негизги бөлүгүн камсыз кылды.

Жеңил автоунааларды Кыргызстанга жеткирген алдыңкы 5 өлкө:

• Кытай — 18 миң 16 автоунаа, 157,6 миллион долларга (2025-жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге өсүү). 

• Түштүк Корея — 13 миң 647 автоунаа, 74,6 миллион долларга (7,9 пайызга төмөндөө). 

• АКШ — 2 миң 115 автоунаа, 19 миллион долларга (39,1 пайызга өсүү). 

• Япония — 1 миң 146 автоунаа, 11,7 миллион долларга (эки эсеге өсүү). 

• Канада — 855 автоунаа, 5,9 миллион долларга (2,6 эсеге өсүү). 

Мурда ири хаб болуп келген Грузиядан автоунаа жеткирүү 13,3 эсеге кыскарып, 142 автоунааны гана түздү.

Автоунааларды кайра экспорттоо: Россия багыты күчөдү

2026-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстандан жеңил автоунаалардын экспорту 847 даанага жетип, жалпы көлөмү 1 миллиард 441 миллион 557,4 миң сомду (16,5 миллион долларга жакын) түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу төрт эсеге өскөн.

Негизги сатып алуучу рынок Россия болуп, экспорттолгон автоунаалардын басымдуу бөлүгү ошол жакка жөнөтүлгөн.

Жеңил автоунаалар экспорттолгон негизги өлкөлөр:

• Россия — 704 автоунаа, 12,8 миллион долларга (көлөмү 3,8 эсеге өскөн). 

• Кытай — 73 автоунаа, 1,1 миллион долларга. 

• Өзбекстан — 51 автоунаа, 1,6 миллион долларга. 

Жүк ташуучу жана атайын техникалар

2026-жылдын биринчи кварталында жүк ташуучу автоунаалардын импорту 6 миң 159 даананы түзүп, жалпы баасы 78,3 миллион доллар болду. Бул 14,5 пайыздык өсүштү көрсөттү.

Бул сегментте Түштүк Корея (3 миң 263 даана, 15,1 миллион доллар) жана Кытай (1 миң 693 даана, 54,4 миллион доллар) үстөмдүк кылууда. Кытай техникасынын баасы жүк көтөрүмдүүлүгү жогору болгондуктан кымбатыраак экени белгиленет.

Атайын багыттагы техникалар сегментинде 727 даана техника 15 миллион долларга импорттолгон. Анын ичинен 447си Кытайдан, 159у Түштүк Кореядан келген.

Автокомпоненттер жана кузовдор рыногу

Кыргызстан 794 кузовду 5,5 миллион долларга импорттоду. Негизги жеткирүүчүлөр — Өзбекстан (462 даана) жана Кытай (263 даана).

Мындан тышкары, үч ай ичинде өлкөгө 8,5 миң тонна автозапчасть жана автокомпоненттер 29,6 миллион долларга алып келинген. Бул тармакта да негизги лидер Кытай болуп, 4,8 миң тонна продукция жеткирген.

Ошол эле учурда кыргызстандык ишкерлер автокомпоненттерди сыртка активдүү экспорттошкон. Жалпы экспорт көлөмү 3,2 миң тоннаны түзүп, баасы 16,2 миллион доллар болгон. Анын 90 пайыздан ашыгы — 2,9 миң тоннасы — Россияга жөнөтүлгөн. Ал эми Беларуська 236,1 тонна экспорттолгон.

Последние новости