www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйынына катышты.
Алгач КМШ өлкөлөрүнүн парламент жетекчилерин быйылкы маарекелик датага байланыштуу куттуктаган Төрага Марлен Маматалиев Ассамблея парламенттер аралык кызматташтыктын жана моделдик мыйзам чыгаруунун негизги аянтчаларынын бирине айланганын белгиледи. Ошондой эле парламенттердин биргелешкен ишмердүүлүгүнүн аркасында уюмдун эл аралык аброю ырааттуу түрдө бекемделип жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү иштерине байкоо жүргүзгөн КМШ ПААнын эл аралык байкоочуларына ыраазычылык билдирди.
Тагыраагы, КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын курамына сенаторлор, депутаттар жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин жогорку мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрү киргенин белгилеп, парламенттик уюмдардын байкоочулар миссияларын шайлоолорго жөнөтүү аркылуу мониторинг жүргүзүп, жыйынтыктарын баалоо тажрыйбасынын маанисине токтолду.
Ошондой эле Төрага Жогорку Кеңештин демилгеси менен 2012-жылы КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы негизделгенин эске салып, быйыл аталган сыйлыкты кыргыз-беларусь маданий байланыштарын өнүктүрүүгө жана кыргыз адабиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн коомдук ишмер, Беларусь Республикасынын эл жазуучусу жана маданиятына эмгек сиңирген ишмери Николай Чергинецке ыйгаруу сунушталганын билдирди. Бул багытта Жогорку Кеңеш Николай Чергинецке КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын ыйгаруу тууралуу комиссиянын сунушун колдой турганын кошумчалады.
Андан тышкары, иш сапардын алкагында бүгүн, 22-майда Төрага Марлен Маматалиев КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын маарекелик 60-пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.
Иш-чараны КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери баяндама жасашты.
Өз сөзүндө Төрага Марлен Маматалиев бүгүн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын маарекелик 60-пленардык жыйыны өтүп жатканын белгилеп, андыктан бүгүнкү иш-чара Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн улуттук парламенттеринин жетекчилери үчүн гана эмес, аталган уюмдун негиздөөчүлөрү үчүн да өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Ал ушул убакыт аралыгында мыйзамдарды шайкеш келтирүү, кызматташтыктын бардык багыттары боюнча байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле заманбап чакырыктарга биргелешип жооп кайтаруу механизмдерин түзүү багытында зор иштер аткарылганын баса белгиледи.
«Түзүлгөндөн берки мезгил аралыгында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы өлкөлөрүбүздүн жигердүү кызматташтыгы жана тең укуктуу парламенттер аралык диалогу үчүн универсалдуу аянтчага айланды», – деди Төрага.
Ошондой эле Ассамблеянын алкагында жүздөгөн моделдик мыйзам актылары иштелип чыгып, кабыл алынганын мисал кылган Төрага бул аракеттер КМШ аймагында бирдиктүү укуктук мейкиндикти калыптандырууга өбөлгө түзүп, интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн негизги куралдарынын бири болгонун кошумчалады.
Тагыраагы, Марлен Маматалиев КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындарында улуттук парламенттердин депутаттарынын координацияланган жана биргелешкен ишмердүүлүгүн белгилеп, алардын мыйзамдык базаны калыптандырууга кошкон салымы зор экенине токтолду.
Андан сырткары, өз ара кызматташуунун негизги багыттарынын бири катары тарыхый жактан калыптанган жана жыл сайын бекемделип жаткан маданий-гуманитардык байланыштарды атады.
«Элдерибизди кылымдарды карыткан тарыхый, маданий жана адамдык байланыштар бириктирип турат. Саясий жана эл аралык күн тартибиндеги өзгөрүүлөргө карабастан, маданий алмашуу, илимий кызматташтык, билим берүү программалары жана жаштардын демилгелери үчүн мейкиндикти сактоо маанилүү. Дал ушундай байланыштар коомдор ортосунда ишеним атмосферасын түзүп, келечек муундардын өз ара алакасын бекемдейт», – деди Марлен Маматалиев.
Муну менен катар КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын жыл сайын ыйгаруу саамалыгы жакшы салтка айланганын канааттануу менен белгилеп, аталган сыйлыкты негиздөө КМШга мүчө мамлекеттердин маданият жана искусство тармагындагы кызматташуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү кадам болгонун билдирди.
Ошондой эле Төрага бүгүн дүйнө олуттуу өзгөрүүлөр мезгилин баштан кечирип жатканын айтып: «Биз глобалдык экономикалык кризистердин кесепеттери, технологиялык өзгөрүүлөр, экологиялык көйгөйлөр, маалыматтык коркунучтардын өсүшү жана эл аралык коопсуздукка байланышкан жаңы чакырыктар менен бетме-бет келип жатабыз. Мындай шартта ачык диалогду сактоонун, компромистерди табуунун жана жарандарыбыздын кызыкчылыктарын коргоонун инструменти катары парламенттик дипломатиянын ролу өзгөчө жогорулайт», – деди.