www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. 

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай мамилелеринин келечегин талкуулап, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, билим берүү жана автоунаа өнөр жайы тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу ой бөлүштү.

Төраганын орун басары Болот Ибрагимов Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген жылуу жана достук мамилелер жигердүү өнүгүп жатканын билдирди.

Ошондой эле автоунаа тармагында кызматташуу тууралуу кеп кылган Төраганын орун басары өлкөдө Кытайдын автоунаа өнөр жайына болгон кызыгуу өсүп жатканын айтып, аталган чөйрөдөгү өнөктөштүктү жакшыртуунун, өз ара жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иш-аракеттерди арттыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары Болот Ибрагимов билим берүү жаатындагы алакаларды чыңдоо маселесине көңүл буруп, Кытайдын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттер үчүн квоталарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин дагы кытай тарап эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтып: «Кыргызстан биз үчүн артыкчылыктуу өнөктөш болуп саналат. Биз бардык багыттар боюнча байланыштарды мындан ары да жакшыртууга кызыкдарбыз», - деди.

Последние новости