www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегация Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен биргеликте Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине барды. 

Иш сапардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү бөлүмдүн ишмердүүлүгү, кызмат өтөө шарттары, кызматтык даярдыкты уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо менен таанышты. Конокторго кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга, өздүк курам үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана бөлүмдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу маалымат берилди. 

Ошондой эле коноктор үчүн кызматкерлердин көрсөтмө аткаруулары уюштурулуп, анын жүрүшүндө өздүк курамдын кесиптик даярдыгынын деңгээли, иш-аракеттердин ырааттуулугу жана практикалык көндүмдөрү көрсөтүлдү. 

Иш сапар укук коргоо тармагында кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөнүн алкагында өттү. 

 

Последние новости