www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Евро кеңештин өкүлү Шарль Мишель менен жолукту. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus маалымат агенттиги билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө Си Цзиньпин Кытай менен Евробиримдик (ЕБ) дүйнөдө тынчтыкты сактоодо жана жалпы өнүгүүгө көмөктөшүүчү эки негизги күч экенин белгиледи. Ал ошондой эле туруксуз жана оор эл аралык кырдаалда Кытай менен Евробиримдиктин мамилесинин маанилүүлүгүн айтты.

Кытай лидери эки тарап пикир келишпестиктерди туура чечип, кызматташууну жогорку деңгээлде жүргүзүп, эл аралык координацияны жана кызматташтыкты чыңдоосу керектигин айтты.

Шарль Мишель өз кезегинде, Евробиримдик Кытай менен дагы жогорку деңгээлдеги алмашууларды өткөрүү үчүн кызматташууга даяр экенин айтып, эки тарапты тең түшүнбөстүктөрдү жана туура эмес пикирлерди азайтууга, глобалдуу чакырыктарга каршы туруу үчүн түз диалог жана өз ара аракеттенүү аркылуу байланышты бекемдөөгө чакырды.

Кошумчалай кетсек, тараптар Украина кризиси боюнча да пикир алмашышты. Си Цзиньпин эскалациянын алдын алуу, тынчтык сүйлөшүүлөрүн илгерилетүү, кризистин кесепеттерин башкаруу жана блоктордун тирешүүсүнүн тобокелдиктеринен сак болууга чакырды. Кытай Эл Республикасынын башчысы Кытай ар дайым тынчтыктын тарабында турат жана кризисти өз жолу менен чечүүдө конструктивдүү ролду ойной берет деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости