www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Султан Раев Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу маалыматты өзү билдирди.
--Жолугушууда Түркмөнстан менен эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун маданий-гуманитардык байланышын күчөтүү, маданий алаканы активдештирүү, маданий багыттагы долбоорлорду жандандыруу маселелеринин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүдөрдү өткөрдүк.
Маданият “жумшак дипломатиянын” Алтын көпүрөсү болуп келген. Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциялык процессине активдүү катышарын, ошондой эле маданий кызматташууну күчөтөрүн билдирди.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму үчүн быйылкы жыл маданий бурулуштун жана маданий жандануунун Жылы болду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна Өзбекстан толук кандуу мүчө болуп кирди. Ал тууралуу Өзбекстандын Президенти Ш. Миризёев Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде расмий жарыялаган.
Бул да Өзбекстан менен системалуу алып барган ишибиздин жыйынтыгы. Түркмөнстан да маданий интеграция процессинде ушундай позицияда экендигин баса белгиледи.
2024-жыл улуу акын жана философ Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата түрк дүйнөсүндө Махтумкули Жылы деп жарыяланды. Ал эми 2024-жылы Түркмөнстандын байыркы Аннау шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору статусуна ээ болот. Бул багытта бир нече долбоорлор ишке ашат. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түрк дүйнөсүнүн маданий биримдигин, байланышын, кызматташуусун чыңдаган Ордого айланууда, - деди Султан Раев.
Булак: NazarNews.kg