www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина кризиси Европаны өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу кытайлык эксперт Сон Чжунпин Global Time басылмасына берген маегинде билдирди.

Ал Донбассты коргоо боюнча атайын операция созулуп кетсе, Орусия менен НАТОнун тирешине алып келет деп эсептейт. Анын пикири боюнча, мындай учурда бул Европада ядролук согушту жокко чыгарууга болбойт дегендикке жатат.

Анын үстүнө ал украин кризиси жакын арада бүтпөйт деп эсептейт.

"АКШ менен Улуу Британия уланып жаткан украин кризисинен пайдаланып, европалык тартипти, ошондой эле глобалдык тартипти курууда үстөмдүк кылууда", - деп эсептейт кытайлык эксперт.

Ал белгилегендей, АКШнын регионго үстөмдүк кылуу аракети стратегиялык автономия алууга умтулган Европада нааразылыкты пайда кыла баштады.

17-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнөлүк согуштун чыгышы мүмкүндүгүн айтып жатып, Орусия башка өлкөлөргө коркунуч келтирбей турганын белгиледи.

Буга чейин, 7-июнда АКШнын отставкадагы деңиз аскеринин полковниги, Вирджиния штатынын экс-сенатору Ричард Х.Блэк Die Freie Welt гезитине берген маегинде Американын Киевге курал-жарак жеткирүүсү кырдаалды курчутуп, бүткүл дүйнөнү Орусия Федерациясы менен ядролук согушка түртүп жатат деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости