www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азия Ньюс» гезити 2022-жылдын 24-мартындагы санында Свердлов РИИБнин милиция кызматкерлери 13 жашар кызды зор дуктап жүрүшкөнүн жазып, Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган.

Көп өтпөй бул кылмышка башка адамдардын да аралашканын кошумча келтиргенбиз. Бирок убагын да анчейин маани берилбей, чатак акыры ырбап кетти.

Натыйжада, министр Улан Ниязбековдун отс тавкасын талап кылган бейөкмөтчүлөр, активисттер пикетке чыгышты. Коомчулукта талкуу жаралды. Эмне үчүн кризистик жагдайга баратабыз?

Себеби, жашы жетпеген кызды зордуктап журушкон айбан сымалдардын сот процесстери создугуп, тийешелүү өкүм чыкпаганы, укук тебеленип, кордолгону каш кайды. Эми кырдаалдан кантип чыгуу керек? Биз баштагы сунушубузду кайрадан эскертели.

Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев менен Свердлов РИИБнин тийешелүү жетекчилери кызмат тарынан кетиши зарыл. Адилеттүү баа берилбесе, жара ырбай берип, акыры шишик сымал жарылат.

Андыктан, азыр да кеч эмес. Шалаакы, ишине кайдыгер «хайвандар» тез арада тазаланбаса, министр Улан Ниязбековго чабуул, сокку жасала берет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости