www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык илимпоздор Азияда катуу жер титирөөлөр болоорун алдын ала айтып жатышат. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгын South China Morning Post гезити жарыялады.

Пекиндеги жер титирөөлөр боюнча агенттиктин кызматкерлери алдыдагы бир нече жыл ичинде Азияда болуп өтө турган жаратылыш кырсыктарынын, анын ичинде күчтүү жер титирөөлөрдүн божомолун чыгарышкан.

«Азыркы учурда бул регион жаңы сейсмикалык активдүүлүк мезгилине кирип жаткан болушу мүмкүн», – деп айтылат маалыматта.

150 жылдык сейсмикалык маалыматтарды изилдегенден кийин, адистер келечекте кыйратуучу жер титирөөлөр Кытай жана ага чектеш аймактарды капташы ыктымал деген тыянакка келишкен. Алар 1879-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки маалыматтарды талдап, Кытай жана коңшу аймактарда жер титирөөлөр болушу мүмкүн болгон алты негизги мезгилди аныкташкан.

Илимпоздордун айтымында, мындай мезгилдер Жердин айлануу ылдамдыгындагы өзгөрүүлөргө — күндүн узактыгынын өзгөрүшү аркылуу өлчөнүүчү көрсөткүчтөргө — жана тектоникалык чыңалуулардын кайра түзүлүшүнө байланыштуу.

Белгилей кетсек, бул изилдөөнүн жыйынтыктары 20-мартта «Геодезия жана геодинамика» журналына жарыяланган. Бул журнал — Кытайдын сейсмология башкармалыгынын академиялык басылмасы болуп саналат. Изилдөө жарыяланган соң бир жуманын ичинде эле Мьянмада магнитудасы 7,7 болгон жер титирөө катталып, өлкө боюнча имараттарга жана инфратүзүмгө зыян келтирген. Ошондой эле коңшу Таиланддын борбору Бангкокто да жер титирөөнүн түрткүлөрү сезилген. Түрткүлөр Кытайда да байкалган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн 3 миң 564 адам каза болуп, 5 миң 12 адам жаракат алган. Дагы 210 киши дайынсыз болууда.

Последние новости