www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2028-жылга чейин жылуулук үчүн тарифти үч эсе көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Энергетика министрлиги даярдаган.
"2024-жылы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын кирешеси 11,2 миллиард сом, чыгашасы 17,3 миллиард сом болуп, тартыштык 6,1 миллиард сомду түзгөн. Алардын чыгымын жабууга 4,3 миллиард сом субсидия бөлүндү", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу 1 июндан тартып өздүк нарктын 25 пайызын, 2026-жылы 50 пайызын, 2027-жылы 75 пайызын төлөтүү сунушталууда. Ал эми 2028-жылдан тартып жылуулуктун тарифи өздүк наркына жеткирилет.
2024-жылга карата Бишкекте жылуулуктун наркы төмөнкүдөй:
газ менен — гигакалориясы 6 700 сом (25 пайызы 1 675 сом);
көмүр менен — 6 889 сом (25 пайызы 1 722 сом);
электр энергиясы менен — 8 170 сом (25 пайызы 2 042 сом).