www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Деңгээли пас депутаттардын бизге кереги барбы!? Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Айрым депутаттардын кайдигерлигин, түшүнүгүн, деңгээлин, билимсиздигин, жоопкерсиздигин көрүп түңүлдүм! Түңүлдүм да түкүрдүм! Булар - Парламенттеги Социалдык комитеттин мүчөсү болгон көпчүлүк депутаттар! Ушуну менен үчүнчү жолу комитеттин жыйынына келишпей койду! Билим берүү жөнүндө мыйзамдар, зарыл келишимдерди ратификациялаган мыйзам долбоорлору, протоколдук тапшырмалар, анын ичинде карт жана байыркы тарыхыбызды изилдөөгө жол ачкан маселелер кайрадан каралбай, талкууланбай, кабыл алынбай калды.
Буга түздөн-түз Социалдык Комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү күнөөлүү! Өздөрүнүн деңгээлинин төмөндүгүнөн уламбы, же түшүнүгү таптакыр жоктугунанбы, же бул жерде алардын алкымын ачкан материалдык кызыкчылык болбогондонбу, айтор үчүнчү жолу жыйынга келбеди! Ушундай деңгээли пас депутаттардын бизге кереги барбы!? Андайлардан эртерээк арылбаса элдин шору! Элге барганда асмандагы айды убада кылса, Парламентте элге душмандык кылат!
Алтын убактыбызды жоготуп бир саат күтүп, депутаттардын келбегенинен улам кайра кеттик! Жөн кетпей келбеген депутаттарга наалат айттык!
Депутаттардын арасында мыктылар албетте көп! Бирок Фракция жетекчилерин, спикерин укпаган, эң башкысы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын уруп ойнобогон арамза депутаттар башкаларды да жаманатты кылат! Андайлардан батыраак арылбаса Жогорку Кеңештин депутаттарын таркатабыз деп эл жабыла чыгат! Эсиңерге келгиле элге каршы иштеген кумалак депутаттар!», - деп жазган Молдокасымов.
Эске салсак, парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин кечээ, 16-майдагы жыйыны кворумдун жоктугунан болбой калган. Комитеттин жетекчиси Динара Ашимова танапис жарыялап, комитеттин бөлүмүнө депутаттарды чакыруу тапшырмасын бергенине карабай, эл өкүлдөрү чогулбай, жыйын үзгүлтүккө учурады.
Жогорку Кеңеште баш-аягы сегиз тармактык комитет иштейт. Социалдык саясат боюнча комитеттин курамында алты депутат бар. Жыйын өтүш үчүн эл өкүлдөрүнүн көбү отурумга катышыш керек.
Мыйзам долбоорлору комитеттерде каралып, колдоо тапкандан кийин парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Жогорку Кеңеште 90 депутат бар. Парламентте кворумдун жоктугунан жыйындар жылып, үзгүлтүккө учураган окуялар буга чейинки чакырылышта да болгон.
Булак: NazarNews.kg