www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда 2 жыл мурда алдамчылык кылганга шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, жабырлануучуга жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Маалыматка караганда, Өзгөн районунун 35 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын ноябрь айында автобекеттен "Алтынбек" аттуу таанышы алдоо жолу менен Мерседес-Бенц 814 үлгүсүндөгү унаасын 550 миң сомго баалашып сатып жибергендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин (эски редакция) 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Жабырлануучу жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде окуяга шектүүнүн өздүгү такталып, ал Сузак районунун 1980-жылы туулган Р.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Р.А. жашаган жерин өзгөртүп, тергөөдөн качып жүргөндүгүнө байланыштуу издөө жарыяланган.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде 3-майда шектүү Ош шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти маалымат кызматынан.
Сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ШИИБге кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (03722) 102; 0555 102 305.
Булак: NazarNews.kg