www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде Курултай тууралуу мыйзам талкууланып жатат.
Жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиев менен мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан жумуш тобунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин ортосунда пикир келишпестик чыкты.
Сатыбалдиев Абыкеевдин “Курултай эл менен бийликтин ортосундагы мамилени түзүп турган көпүрө болот” деген сөзүн чечмелеп берүүсүн өтүнүп, “кандай көпүрө боло алат, бизде көпүрө жокпу?”, - деди.
Абыкеев ага жооп кылып: “Сиз көпүрө деп образдуу айтылган сөздү суунун эки жээгине салынган көпүрө деп ойлоп алдыңыз окшойт. Андай эмес”, - деп жооп берди.
Сатыбалдиев “Эгер салынган көпүрө деп ойлоп алдым десеңиз, анда жазган мыйзамыңыз жалган, эгер мендей юристке шек келтирип жатсаңыз” деп, кечирим суроону талап кылды.
Абыкеев көпүрө деп образдуу мааниде айтканын кайталап, депутаттан кечирим сурады.
Комитеттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору сегизинчи болуп жазылган, бирок президенттин өтүнүчү менен депутаттар аны кезексиз карап жатышат.
Булак: NazarNews.kg