www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тарыхка, тарыхый эстеликтерге Кытайдай аяр мамиле кылганды үйрөнөлү. Мындай пикирин тарыхчы Кыяс Молдокасымов билдирди. Анын айтымында Кытайда кайсыл жерден археологиялык табылгалар табылса ошол жерге музей салынат жана Ханчен шаарына жакын атактуу тарыхчы Сымя Цяндын мекенинен алты жыл мурда ошондой музейди көргөн.
"Шандун провинциясындагы Линьи шаарынан атактуу аскер башчы Сун Цзынын “Согуш исскуствосу” аттуу бамбук таякчаларына жазылган эмгеги табылган бейиттин үстүнө өзүнчө заңгыраган заманбап музей курулуптур. Ал музей жөн музей эмес, кытай жазмаларынын тарыхына арналган өзгөчө музей экен. Ушул музейдеги жазмаларды көрүү үчүн өткөн жылы октябрь айында Канат болуп Линьи шаарына бардык.
Музей жайгашкан жерге бийик имарат салуу үчүн пайдубалын казып жатып, капысынан эки мүрзөгө туш болот. Археологдорду чакырып, ал мүрзөнү аярлап казышса жанаша коюлган эки адамдын сөөгү чыгат. Анын биринен сандыкча кошо чыгып, анын ичинен бамбук таякчаларына жазылган аскер стратеги Сун Цзынын “Согуш исскуствосу” аттуу эмгеги табылат. Ага чейин Сун Цзы тууралуу атактуу Кытай тарыхчысы Сымя Цяндын эмгектеринде анан айрым тарыхый жазмалардан үзүл-кесил эле кездешип келген. А түгүл эмгектин чыныгы автору б.з.ч. Vl-V кылымда жашаган Сун Цзы экени да толук такталбай келген. 1972-жылы Сиан шаарынын жанынан бир мезгилдерде табылган терракот эстеликтери сыяктуу эле бул табылга да зор сенсациялуу окуяга айланган.
Бамбук таякчаларына жазылган бул эмгек жакшы сакталгандыгы менен өзгөчөлөнгөн. “Согуш искусствосу” эмгеги 13 баптан тураары такталган. Бул эмгек бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой, андагы жазылгандар окутулуп, колдонулуп келет. Эмгекте согуш исскуствосуна арналган оргиналдуу ойлор, пикирлер камтылган. Согушта кантип жеңишке жетүүнүн сырлары жазылган. Эмгектин автору Сун Цзы:
“100 жолку чабуулда 100 жолу жеңишке ээ болуу бул чыныгы жеңиш, ийгилик эмес! Эң чоң жеңиш деп чабуулга чыкпастан, жоготууларга учурабастан туруп жеңүүнү айтуу керек” деп жазат автор.
Кыскасы, ошол кол жазма табылган жерге кол жазмалардын тарыхына арналган музей куруп, кытайлар кагазды өздөштүргөнгө чейин бамбук таякчаларын кантип даярдаганын, ага кантип жазгандарынан бери жакшынакай кылып көргөзө алышкан. Бул музейди кыдырып, ар бир буюмдарын көрүп чыгуу өзгөчө рахат! Жазма булактардын, архивдик документтердин пайда болушун, өтө маанилүүлүгүн жан дүйнөң менен сезесиң.
Төмөндөгү сүрөт баяндардан сиздер музейдеги көргөзмөлөрдүн четин көрө аласыздар. Эскерте кетүүчү нерсе Линьи шаарындагы бул музейге баруу чыгымын чакырган тарап көтөрүштү. Президент тарабынан бөлүнгөн акчаны аяп, короткон жокпуз. Бөлүнгөн ал акчадан Канаттын Пекинде жашаган квартирасынын бир жылдык акысын төлөдүк", - деди Молдокасымов.