www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 30-апрелге чейин Украинада ок атышууну токтотууну максат кылууда. Бул датага Трамптын президенттик кызматка киришкенине 100 күн толот. Бул тууралуу британиялык The Economist журналы жазды.

Басылма Трамптын президенттик кызматтагы алгачкы 100 күнүндөгү 10 негизги приоритетин белгилейт:

Украинадагы согушту токтотуу;

АКШнын түштүк чек арасын жабуу;

Мигранттарды депортациялоо боюнча чоң кампания баштоо;

Канада жана Мексикадан келген товарларга 25% тариф киргизүү;

Инфляцияны төмөндөтүү;

Нефть жана газ өндүрүүнү көбөйтүү;

Климаттын өзгөрүшүнө каршы мурунку администрациянын чечимдерин жокко чыгаруу;

Жынысын алмаштырган адамдардын спортко катышуусуна тыюу салуу;

Туулган жери боюнча жарандык берүү мыйзамын жокко чыгаруу;

2021-жылдагы Капитолий штурмуна катышкан адамдарды мунапыс берүү.

Журнал бул багыттардан азырынча бир гана нерсе аткарылганын белгилейт – Трамп 20-январда инаугурациядан кийин Капитолий окуясына катышкан 1,5 миң кишиге мунапыс жарыялаган. The Economist АКШ-Мексика чек арасындагы мыйзамсыз өтүүлөргө каршы күрөш жакшырганын жана Украинадагы согушту токтотуу боюнча аз да болсо жылыш бар экенин белгилейт.

18-мартта Орусия президенти Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы согушту 30 күнгө токтотуу, чыңалууну күчөтпөө жана башка эл аралык маселелерди талкуулашкан. Путин Трамптын энергетикалык инфраструктурага сокку уруудан эки тараптын баш тартуусу тууралуу сунушуна макул болгон.

24-мартта Эр-Риядда Орусия менен АКШ эксперттик консультациялар өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө Кара деңиздеги коопсуздукту камсыз кылуу жана энергетикалык объекттерге сокку урууну 30 күнгө токтотуу боюнча макулдашты. Бирок бул келишимдер АКШ Орусиянын кемелерине, Россельхозбанкы жана башка айыл чарба экспорту менен алектенген банктарга санкцияларды алып салган соң гана күчүнө кирет.

Последние новости